Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:53

Орусия соту митингге катышкан өспүрүмдүн энесине айып пул салды


26-мартта коррупцияга каршы акциялар Орусиянын бир катар шаарларында өткөн.
26-мартта коррупцияга каршы акциялар Орусиянын бир катар шаарларында өткөн.

Орусиянын Свердлов облусутук соту 26-мартта коррупцияга каршы уруксатсыз акцияга катышкан өспүрүм кыздын энесине айып пул салды.

17 жаштагы мектеп окуучусу София Мурзинанын адвокаты Елена Макарованын "Медуза" сайтына 24-апрелде билдиргенине караганда, Мурзина массалык иш-чаралар боюнча мыйзамды бузуп, уруксатсыз митингге катышпоо сунушунан баш тарткандыгы үчүн күнөөлүү деп табылган.

Соттун чечимине ылайык, 177 доллар өлчөмүндөгү айып пул Мурзинанын энеси Татьяна Липовецке салынды.

26-мартта өткөн коррупцияга каршы уруксатсыз митингдер баш калаа Москвада жана Орусиянын бир катар башка шаарларында өткөн. Акцияга миңдеген өспүрүмдөр катышканы маалымдалган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG