Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:19

Москвада киши колдуу болгон мигранттын сөөгү Кыргызстанга жиберилди


Токмок шаарынын элүү жаштагы тургуну Талантбек Султакановдун сөөгү 18-апрелде Москвада өзү жашаган үйдүн алдынан табылган. Ал бычактан алган жараатынан каза тапканын жубайы Салтанат Сейитова "Азаттык" радиосуна билдирди. Анын айтымында, маркумду жети жолу бычакташып, сөөгүн 13-кабаттан ыргытып жиберишкен.

Кылмышка шектүү делип орусиялык үч жаран кармалган. Маркумдун сөөгү 24-апрелде мекенине жөнөтүлдү.

19-апрелде да 25 жаштагы кыргызстандык кош бойлуу келиндин сөөгү Москвадагы батирлердин биринен табылган. Анын муунтуп өлтүрүлгөнү кабарланган, шектүү кармала элек. (LzT)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG