Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:00

Түндүк Кореяга каршы өнөктөштөр Токиодо жыйын курду


Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын
Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын

АКШ, Түштүк Корея жана Жапония өкүлдөрү Түндүк Корея маселесинде жакындан кызматташууну макулдашты.

Бул жыйын Пхеньян улуттук армиясынын 85 жылдык мааракесин белгилеп жатканда өттү.

Корей жарым аралындагы кырдаал боюнча АКШнын өкүлү Жозеф Юн жагдайды жөнгө салууда Кытайдын ролу маанилүү экенин белгиледи.

Түштүк Кореянын өкүлү Ким Хонг Кюн: "Эскертүүлөргө кулак салбаса, Түндүк Кореяга жазалоочу чараларды көрүүнү макулдаштык",- деди.

Ал тапта АКШнын суу алдындагы кемеси шейшембиде Түштүк Кореяга жакын сүзүп келгени маалым болду. "Мичиган" кемеси баллистикалык ракета жана "Томагавк" ракеталарын учурууга ылайыкташкан.

Түндүк Корея баш-аягы беш өзөктүк сыноо өткөргөн. Алардын үчөө азыркы лидер Ким Чен Ындын учурунда ишке ашты. Пхеньян ошондой эле жыл башынан бир нече ирет баллистикалык ракеталарын учуруп, алардын кеминде үчөө Жапон деңизине түшкөн. 16-апрелдеги акыркы ракета сыноосу ийгиликсиз аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG