Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:01

Венесуэла: демонстрация курмандыктарынын саны өсүүдө


19-апрелдеги нааразылык акциясынан бир көрүнүш. Каракас
19-апрелдеги нааразылык акциясынан бир көрүнүш. Каракас

Венесуэлада президент Николас Мадуронун өкмөтүнө каршы нааразылык акциялары төртүнчү аптага аяк басты. Күч колдонуу менен коштолгон демонстрацияларда мерт болгондордун саны жыйырмадан ашты.

Дүйшөмбүдө баш калаа Каракаста полиция баррикада жасап алган демонстранттарга каршы көздөн жаш агызуучу газ колдонду.

Демонстранттар полицияга таш жана күйүүчү май куюлган бөтөлкө ыргытууда. Мерида штатында социалисттик өкмөттү колдогон жүрүш маалында жергиликтүү бийликтин бир кызматкери окко учканы кабарланды.

Оппозиция өкүлдөрү маркум Уго Чавестин ордун баскан президент Николас Мадуронун өкмөтүнөн мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүүнү, камактагы активисттерди бошотууну, оппозицияга эркиндик берүүнү талап кылышууда.

Өкмөт болсо демонстранттарды төңкөрүш уюштургусу келет деп айыптайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG