Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:30

Тажик медиасы Рахмондун наамдарын толук атоого милдеттендирилди


Эмомали Рахмон
Эмомали Рахмон

Тажикстанда мамлекеттик маалымат каражаттарынын журналисттери президент Эмомали Рахмон жөнүндө кабар жазганда анын бардык бийик титулдарын толук атоого милдеттендирилди. Бул тууралуу жергиликтүү журналисттер "Азаттык" радиосунун тажик кызматына билдиришти.

Алардын айтымында, мурда мамлекеттик медиа каражаттары Рахмонду "Жаноби Оли" (Улут көсөмү) деп гана кыскача атап келишкен. Эми алар президенттин толук наамын айтышы керек болот.

Мыйзам боюнча, тажик президенти - “Тынчтыктын жана улуттук биримдиктин негиздөөчүсү – Улуттун көсөмү" деген расмий макамга ээ.

Тажикстандын мамлекеттик радиосунун директору Фаррух Зиёев расмий билдирүүлөрдө президенттин титулдарын толук айтууну мыйзам талап кылаарын белгиледи.

Былтыр “Улут көсөмү жөнүндө” конституциялык мыйзамга өзгөртүү киргизилип, президентке кошумча артыкчылыктар жана наамдар берилген. Ага ылайык, мамлекеттик майрамдык иш-чараларда, өкмөттүк, парламенттик жыйындарда “Улут көсөмү” үчүн бардык байланыш каражаттары менен камсыздалган өзгөчө орун даярдалышы керек болот.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG