Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:36

Исаков: “Таза коомду” ишке ашырууга Европа да катышуусуна кызыкдарбыз


Кыргызстан “Таза коом” жогорку технологиялык улуттук долбоорун ишке ашырууга Евробиримдиктин катышуусуна кызыкдар. Бул тууралуу бүгүн Бишкекте Европа биримдигинин Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Петер Буриан менен жолугушууда президенттик аппараттын башчысы Сапар Исаков билдирди.

Ал өлкөдөгү туруктуулукту сактоо жана бекемдөө, коррупцияга каршы күрөшүү, шайлоо мыйзамдарын жакшыртуу жаатында жасалып жаткан иштер тууралуу айтып берди.

Петер Буриан Борбор Азияда таза жана ачык шайлоо өткөрүү жагынан Кыргызстан жакшы мисал экенин белгилеп, өлкөдө жүрүзүлүп жаткан демократиялык реформаларды улантуунун маанилүүлүгүнө токтолуп, мамлекеттик башкаруунун ачыктыгын камсыз кылууга багытталган «Таза Коом» долбооруна көмөк көрсөтүүгө даярдык билдирди.

Быйыл февраль айында президент Алмазбек Атамбаев Брюсселде иш сапарда болуп, Европа биримдигинин институттарынын жетекчилери менен жолуккан. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG