Чукул эскертүү!
27-апрелден 1-майга чейин Кыргызстанда туруксуз аба ырайы болот. Мезгил-мезгили менен жамгыр жаап, күн күркүрөйт. Айрым жерлерде катуу жаан-чачын болуп, тоолорго кар түшөт.
28-29-апрелде Талас өрөөнүндө, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жаан карга айланышы мүмкүн. Тоолуу райондордо жолдор тайгак болуп, кар күрткү топтолот. Айрым жерлерде батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 15-20 метрге жетет.
29-апрелден 1-майга чейин Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде -2° үшүк жүрүшү ыктымал. Мындай аба ырайы жемиш бактардын гүлдөрүнө, бүчүрлөргө, гүлдөгөн жер-жемиштерге, жашылчаларга коркунучтуу.
Тоолуу унаа жолдорунда кар көчкү коркунучу бар. Автоунаалардын ортосунда 500 метр аралык сакталышы керек. Дарыяларда суу көбөйүп, сел жүрүшү мүмкүн.
26-апрелде түнкүсүн жаан-чачын жок. Күндүз кээ бир тоолуу райондордо кыска мөөнөттүү жамгыр жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондордо кар жаайт, жолдору тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 2-7 метрге жетет.
Абанын табы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +10...+15, күндүз +24...+29,
Талас жана Баткен облустарында түнкүсүн +8...+13, күндүз +24...+29,
Ош жана Жалал-Абад аймактарында +11...+16, күндүз +24...+29,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн +3...+8, күндүз +15...+20,
Нарын жергесинде түнкүсүн +1...+6, күндүз +17...+22,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -7...-12, күндүз +3...+8 градус болот.
Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Түнкүсүн +11…+13, күндүз +26…+28.
Facebook шеринеси