Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:46

Өнүктүрүү концепциясы боюнча сунуштарды иштеп чыгуу аяктоодо


Бул маалымат 2040-жылга чейин өнүктүрүүнүн узак мөөнөттүү стратегиясынын долбоорун даярдоо боюнча Координациялык топтун алгачкы жыйынында айтылды. 25-апрелде өткөн жыйында Координациялык топтун иш регламенти жана планы бекитилди.

Жыйында маалым болгондой, жыл башынан тарта бул багытта беш эксперттик топ иш иштөөдө. Алар экономика, экология, мамлекеттик башкаруу, социалдык чөйрөлөрдө жана “Таза коом” долбоорун ишке ашыруу жагындагы долбоорлорду талдап чыгышкан. Андан тышкары эксперттик топтор Кыргызстанды 2040-жылга чейин өнүктүрүүнүн узак мөөнөттүү стратегиясынын концепциясы боюнча сунуштарды иштеп чыгууну да аяктап калышты. Координациялык топ талкуулап, бекиткенден кийин бул концепция узак мөөнөттүү стратегиянын өлкө жетекчилигине сунушталуучу долбоорунун негизи болуусу ыктымал.

Координациялык топ президент Алмазбек Атамбаевдин буйругу менен 19-апрелде түзүлгөн. Аталган топ Кыргызстанды 2040-жылга чейин өнүктүрүүнүн узак мөөнөттүү стратегиясынын негизги багыттарын иштеп чыгуу боюнча эксперттик топтордун ишин координациялайт жана иштелип чыккан сунуштарды стратегиялык бир документке бириктирүү милдетин алышкан. Бул тууралуу президенттик аппараттан маалымдашты. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG