Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:17

Өкмөт жол кырсыктарынын алдын алуу маселесин талкуулайт


Премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун жетекчилиги менен өтө турган жыйында адам өлүмү менен коштолуп жаткан жол кырсыктарынын алдын алуу маселеси каралат. Ошондой эле анда өлкөдөгү автоунаа жолдорунун абалы да талкууланат. Жыйынга тиешелүү өкмөт мүчөлөрү катышат. Бул тууралуу "Азаттык" радиосуна өкмөттүн басма сөз катчысы Толгонай Стамалиева билдирди.

25-апрелде президент Алмазбек Атамбаев өкмөткө жана Коопсуздук кеңешине жол кыймылынын коопсуздугу боюнча жыйын даярдоону тапшырган. Ага бул маселеге тиешелүү бардык мамлекеттик органдар катышуусу милдеттендирилген. Мындан тышкары мамлекет башчы жол кыймылынын коопсуздугун сактоо боюнча бардык көйгөйлөрдү чечүү үчүн ар тараптуу чара көрүүнү да тапшырган.

Расмий маалыматтар боюнча, жыл башынан бери Кыргызстанда 1,5 миңден ашуун жол кырсыгы катталып, 148 адам каза тапкан, 186 киши ар кандай жараат алган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG