Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:58

ЕККУ Украинадагы окуяны иликтей баштады


Заньер менен Лавров.
Заньер менен Лавров.

Европа коопсуздук жана кызматташтык уюму (ЕККУ) Украина чыгышындагы кызматкеринин өлүмүнө байланыштуу ички иликтөөсүн баштады.

25-апрелде Орусия тышкы иштер министри Сергей Лавров менен жолуккан соң ЕККУнун баш катчысы Ламберто Заньер жоопкерчиликти ким тартаарын аныктоо үчүн башка да иликтөөлөр башталарын билдирди.

Лавров болсо ЕККУнун Украина чыгышындагы окуяларга көз салган байкоочуларынын коопсуздугун күчөтүүнү колдошоорун айтты.

3-апрелде уюмдун миссиясы бараткан унаа жикчилдер көзөмөлдөгөн аймакта минага кабылган. Жарылуудан америкалык фельдшер Жозеф Стоун өлүп, анын чехиялык жана германиялык эки кесиптеши жаракат алган.

ЕККУ миссиясы Донбасстагы өкмөттүк күчтөр менен орусиячыл жикчилдердин согушуна байкоо салуу үчүн түзүлгөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG