Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:49

Өзбекстанда Стокгольм терактына шектүүнүн агасы кармалды


Стокгольдогу теракт болгон жер
Стокгольдогу теракт болгон жер

Өзбекстандын атайын кызматы 23-апрелде Самарканд шаарында Стокгольм терактына шектүүнүн агасын кармап кетти. Бул тууралуу Акиловдордун туугандары кабарлашууда.

"Бир нече күн Алим азап тартып жүрдү. Ал Рахматтын сотуна катышуу үчүн Швецияга барууну пландап жаткан", – дейт туугандарынын бири.

44 жаштагы Алим Акилов эмне себептен кармалганы али белгисиз. Окуя боюнча өзбек расмийлери комментарий бере элек.

Ушул эле күнү Швеция полициясы жана атайын кызматы Стокгольмдо операция жүргүзүп, терактка тиешеси бар деп дагы бир кишини кармаганы белгилүү болду.

Кылмышкер 7-апрелде жүк ташуучу автоунаа менен Стокгольмдо элди тебелеткен. Окуядан төрт адам өлүп, он беши жараат алган.

Буга шектелип өзбекстандык Рахмат Акилов кармалганы, ал терактты “Ислам мамлекети” террор уюмунун буйругу менен жасаганы кабарланган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG