Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:12

Милиция кылмыштуулукка каршы күрөшүүгө айыл активисттерин тартууда


Буга багыттагы долбоор учурда Кыргызстандын он төрт айыл аймагында пилоттук түрдө иштеп жатат. Анда жергиликтүү милиция айыл аймак башчылары, айылдык кеңештер менен чогуу кылмыштуулукка каршы күрөшүү жаатында иш алып барышууда. Бул долбоор БУУнун кылмыштуулукка жана маңзатка каршы күрөшүү башкармалыгынын көмөгү менен ИИМ тарабынан ишке ашырылып жатат. Анын Кыргызстандагы координатору Жыпара Ракишеванын "Азаттык" радиосуна билдиргенине караганда, долбоор иштеген айылдарда кылмыштуулук азайган.

БУУнун кылмыштуулукка жана маңзатка каршы күрөшүү башкармалыгынын Кыргызстандагы өкүлчүлүгү долбоорду башка айылдарга, Бишкек жана Ош шаарларына да жайылтууну көздөөдө. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG