Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:10

Президент Атамбаев туристтик сезонго даярдык көрүүнү тапшырды


Мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев 25-апрелде транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов менен Ысык-Көл облусунун башчысы Узарбек Жылкыбаевди кабыл алды.

Президент Атамбаев облус жетекчилиги жайкы туристтик сезонго даярдык көрүүнүн маанисин белгилеп, облустук бийлик мамлекеттик органдар менен тыгыз байланышта жарандардын жана коноктордун коопсуз эс алуусун ар тараптан камсыздоого тийиш экенин айтты. Мамлекет башчысынын сөзү боюнча, туристтик агымды арттыруу облустун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө шарт түзөт. Бул тууралуу президенттик аппараттан маалымдашты.

Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев 24-апрелде Ысык-Көлгө барып, Балыкчы – Чолпон-Ата – Корумду жолун жаңылоого зарыл каражат табылышы менен куруучулар жолду өз маалында жана сапаттуу бүткөрүүгө тийиштигин белгилеген. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG