Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:52

Аятолла Али Хаменеи Батыштан көмөк күтпөөгө чакырды


Ирандын жогорку лидери аятолла Али Хаменеи президенттикке талапкерлерди өлкөнүн экономикасын Батыш өлкөлөрүнүн жардамысыз көтөрүүгө чакырды. Бул үндөөсү менен ал президент Хасан Роуханинин тышкы соода жана инвестицияны өнүктүрүүгө багытталган саясатын колдобой турганын ачыктады. Мусулман өлкөлөрүнүн элчилери менен Тегеранда болгон жолугушууда аятолла Хаменеи "Талапкерлер экономикалык көйгөйлөрдү чечүүдө тыш өлкөлөрдү эмес, улуттук мүмкүнчүлүктөрдү карашы керек" деп айтты. Аятолла Батыш "ислам алардын кызыкчылыктарына бөгөт койгону үчүн Иран менен күрөшүп жатат" деп кошумчалады.

Хаменеинин тарапкерлери кайрадан президенттин кызматына үстөмдүк алууга умтулушууда. Алар эл аралык санкциялар алынганына карабай, экономикадагы жай өсүштөргө президент Хасан Роуханинин саясатын айыптап келишет.

Өзөктүк программаны токтотуу боюнча дүйнөлүк державалар менен түзүлгөн келишимден бери инфляциянын деңгээли төмөндөп, экономикалык өсүш 7,4% түзгөн. Эл аралык валюта фондунун маалыматы боюнча, мунай тармагын эске албаганда, экономикалык басымдуу тармактарда өсүш 0,9% айланасында.

Президенттик шайлоодо Роуханинин негизги атаандашы - диний ишмер Ибрагим Раиси жылына 1,5 млн кишини жумуш менен камсыз кылуу убадасын берген. Дагы бир талапкер - Тегерандын мэри Мухаммед Бакир Калибаф жылына беш миллион жумушчу ордун түзөрүн айтууда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG