Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:18

Сот Трамптын мигранттар тууралуу дагы бир жарлыгын токтотту


25-апрелде Сан-Францисконун федералдык соту АКШ президенти Дональд Трамптын мигранттардын башпаанек-шаарлары айрым программалар боюнча каржыланбасы айтылган жарлыгына бөгөт койду.

Судья Уилльям Оррик президенттин бул жарлыгы "орду толгус зыян" алып келерин белгилеген доочуларды колдоду. Божомолдор боюнча жарлыктын өзү кийинки соттук териштирүүлөрдө антиконституциялык деп таанылышы күтүлүүдө.

Азыр бир катар соттордо Дональд Трамптын жергиликтүү бийликти мыйзам бузган мигранттарды иммиграциялык бийликтерге өткөрүп берүүнү мажбурлаган жарлыгынын мыйзамдуулугу каралууда. Бир нече ири шаарлар бул жарлыкты аткаруудан баш тартып, жергиликтүү полицияны иммиграциялык кызматкерлер менен иштешүүгө тыюу салып жатышат. Соттор бул ишти кароодо борбордук жана жергиликтүү бийликтин укуктарын чектөө тууралуу маселени чечүүсү керек. Азыркы федералдык мыйзамдар боюнча, жергиликтүү башкаруучулар иммиграциялык кызматка мигранттардын макамы тууралуу гана маалымат беришет.

Бул президент Трамптын соттор тарабынан бөгөт коюлган иммиграцияга байланыштуу үчүнчү жардыгы. Буга чейин дүйнөнүн жети өлкөсүнүн жарандарына виза берүүнү токтотуу боюнча эки жарлыгына америкалык соттор тарабынан бөгөт коюлган болчу.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG