Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:20

Лавров Орусиянын талиптерге курал-жарак жеткиргенин четке какты


Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Вашингтондун Москва талиптерге курал-жарак жеткирүүдө деген билдирүүсүн негизсиз деп атады.

РИА Новости билдиргендей, Орусиянын ТИМ башчысы Ооганстандагы америкалык күчтөрдүн командири, генерал Жон Николсондун айткандарын ырастай турган бир дагы факты жок экенин билдирди.

Буга чейин Кабулдагы маалымат жыйынында Николсон талиптер орустардан курал алып жатканы тууралуу билдирүүлөр түшүп жатканын айткан.

The Washington Post гезитинин маалыматы боюнча, Москва "Ислам мамлекети"М террордук тобуна каршы колдонулат деген жүйө менен талиптерге курал-жарак, анын ичинде оор пулеметторду жеткирүүнү көбөйткөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG