Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:21

Казакстанда "Жарандыктан ажыратуу жөнүндө" мыйзам парламентке жөнөтүлдү


Министр юстиции Казахстана Марат Бекетаев.
Министр юстиции Казахстана Марат Бекетаев.

Казакстандын юстиция министри Марат Бекетаев кылмыш жазасынын жарандыктан ажыратуу тууралуу кошумча түрүн Кылмыш кодексинин 21-беренесине киргизүү сунушталып жатканын билдирди.

«Өлкөнүн башкы кызыкчылыктарына оор зыян келтирчү» кылмыштар үчүн казакстандыктарды жарандыктан ажыратуу демилгеси ушул жылы көтөрүлгөн. Андай кылмыштарга террордук, конституциялык түзүлүштүн бүтүндүгүнө, эгемендүүлүккө жана мамлекеттин аймактык бүтүндүгүнө каршы жасалган кылмыштар киргизилген.

Марат Бекетаев парламентке жөнөтүлгөн мыйзам долбоорунун иштелип чыгышында эч кандай саясат жок экенин билдирди:

- Мунун эч кандай саясий себеби жок. Кеп террордук ишмердүүлүк менен алектенген адамдар кайра Казакстанга келип, өлкөдө өзүнүн идеологиясын жайылтуу мүмкүндүгүнө ээ болбошу керектиги жөнүндө болууда.

Кылмыш кодексине сунушталган өзгөртүүлөр долбоору президент, парламент жана өкмөт ортосундагы ыйгарым укуктарды бөлүштүрүүгө багытталган Конституцияга толуктоолор киргизилгенден кийин иштелип чыкты.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG