Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:36

"Караван" соода комплексинин иш багыты өзгөрбөйт


Бишкектеги "Караван" соода комплекси өзүнүн иштөө багытын өзгөртпөйт. Бул тууралуу бүгүн "Азаттык" радиосуна "Мүлк" мамлекеттик ишканасынын жетекчиси Орозбек Нусувалиев билдирди.

- Эч кандай өзгөрбөйт, болгону ижара акы мамлекетке түшө баштайт. Профилин өзгөртүү, сатуу жөнүндө сөз жок, - дейт Нусувалиев.

Бишкектин Киев көчөсүндө жайгашкан "Караван" соода комплекси Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун карамагына, "Мүлк" мамлекеттик ишканасынын балансына өткөнүн 25-апрелде аталган мекемеден кабарлашкан.

Маалыматта Бишкектин Ленин райондук, шаардык сотторунун 2013-жылдагы жана Жогорку Соттун 2015-жылдын 30-ноябрындагы токтомдору менен Нариман Түлеев жана башкалар Кылмыш кодекси боюнча күнөөлүү деп табылганы жана алардын мүлкүн мамлекетке чегерүү каралганы айтылат.

Нариман Түлеев Бишкектин мэри болуп турганда Кытайдан автобус ташып келүүдө жемкорлукка барган деген айып менен соттолгон. Ал өзүнө коюлган киненин баарын мыйзамсыз деп атап келет. Бишкектеги бир нече соода борбору Түлеевге жана анын жакындарына таандык экени айтылып келет.

Нусувалиевдин белгилешинче, Тюлеевдердики деген дагы бир имарат, Манас проспектиндеги SapatCom кеңсеси да мамлекетке алынып, ал жерге өкмөткө караштуу Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат көчүп барууда.

"Мүлк" ишканасы, расмий маалыматка караганда, мамлекеттин эсебине чегерилип алынган ишканаларды натыйжалуу пайдалануу максатында түзүлгөн.

"Караван" соода борборунда ижарачылар аянтты ижарага алып, кийим-кече, үй-тиричилигине керектүү буюмдарды сатышат. (BkA/RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG