Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:41

Москванын түштүгүндөгү гүлзарга Айтматовдун ысымы берилет


Чыңгыз Айтматов
Чыңгыз Айтматов

Бул тууралуу Москванын мэри Сергей Собянин өзүнүн Twitter баракчасына жазды. Анын жазганына караганда, Павлов жана Подольск көчөлөрүнүн кесилишиндеги гүлзарга (сквер) залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун ысымы ыйгарылат.

2015-жылы Москва өкмөтүнүн чечими менен Данилов районундагы Люсинов жана Чоң Серпухов көчөлөрүнүн кошулган жериндеги гүлзар жазуучунун ысымын алып жүрөрү айтылган. Соңку чечимге ылайык анын орду алмашты.

Залкар жазуучу тирүү болгондо быйыл декабрда 89га чыкмак. Чыңгыз Айтматовдун 85 жылдыгына карата ​Москвада Чет элдик адабият китепканасынын короосунда анын айкели орнотулган. Ошол эле жылы Санкт-Петербургда Айтматов гүлзары ачылган.

Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев «Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгын майрамдоо жөнүндө» жарлыкка кол койгон. Ага ылайык, Айтматовдун 90 жылдыгы улуттук жана эл аралык жогорку деңгээлде белгиленет.(КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG