Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:41

Москвада бычакталган кыргызстандыктын сөөгү мекенине жөнөтүлдү


Орусиядагы мигранттар
Орусиядагы мигранттар

Бул тууралуу “Азаттыкка” Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин басма сөз катчысы Гүлбарчын Байымбетова билдирди.

Байымбетованын айтуусунда, 18-апрелге караган түнү 50 жаштагы кыргызстандык бычакталып, 13-кабаттан ыргытылган. Бул ишти Орусиянын Тергөө комитетинин Кузьмин район аралык бөлүмү тергеп жатат.

Элчиликтин өкүлү тергөөчүлөр менен жолугуп келди. Каза болгон жарандын сөөгү бүгүн мекенине жөнөтүлдү.

23-апрелде Санкт-Петербург шаарындагы курулуштардын биринен 22 жаштагы кыргызстандык жипке асылып турган жеринен табылган. Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги буга байланыштуу Санкт-Петербург шаарындагы Москва райондук ички иштер башкармалыгына расмий суроо- кат жөнөткөнү кабарланган. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG