Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:42

КТРКнын Байкоочу кеңешинин жаңы курамы бекитилди


Жогорку Кеӊеш бүгүн Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Байкоочу кеңешинин жаӊы курамын бекитти. Талапкерлерди өлкө президенти, Жогорку Кеӊеш жана коомдук уюмдар көрсөткөн.

Рейтингдик добуш берүүнүн жыйынтыгында Байкоочу кеӊештин курамына эӊ көп добуш алган 15 адам кирди.

Президент сунуштагандардан Нурия Айдабосунова, Жыпар Жекшеев, Анатай Өмүрканов, Талант Султанов, Игорь Шестаков, парламенттен көрсөтүлгөн Айнура Аскарова, Жылдыз Бакашева, Кубат Болотканов, Чолпон Турдалиева, Жылдыз Ниязова, ал эми жарандык коомдон Азамат Болгонбаев, Айгүл Жунушалиева, Айбек Карымов, Анаш Кадырова, Калыбек Тайтекеев бекитилди.

КТРКнын Байкоочу кеӊеши 15 адамдан турат, ал беш жылдык мөөнөткө дайындалат. Бул жолу президент 10 талапкер, Жогорку Кеӊеш 5 жана жарандык коом 16 талапкер көрсөткөн. Мыйзамга ылайык, алардын ар биринен бештен талапкер шайланууга тийиш. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG