Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:26

Атамбаев: Мектептердин тартыштык маселеси түп-тамырынан чечилет


Кыргызстанда мектептердин тартыштык маселеси өлкөдө бир дагы авариялык мектеп калбагыдай болуп түп-тамырынан чечилет. Бул тууралуу бүгүн Ысык-Көл районунун Бактуу-Долоноту айылында Ысык-Көл облусунун активи жана коомчулугунун өкүлдөрү менен жолугушууда президент Алмазбек Атамбаев билдирди.

Президенттин маалымат кызматынан кабарлашкандай, “суроо-жооп” форматында өткөн жолугушууда мамлекет башчы 2015-жылы күздө болгон жолугушууда ысыккөлдүктөр берген суроолордун көбү чечилип, калгандары, атап айтканда, мектептер менен башка социалдык объектилерди куруу жагы чечилип жатканын белгиледи.

24-апрелде билим жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева парламентте маалымат берип жатып Кыргызстанда 193 мектеп авариялык абалда, алардын 56сы Ош, ал эми 42си Ысык-Көл облусунда экенин айткан.

Былтыр өкмөт 98 мектепте капиталдык ремонт жасаган.

Кыргызстанда 2200дөй мектеп бар, аларда билим алган окуучулардын саны 1 миллиондон ашат. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG