Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:27

Мыкты ойлоп табуучулар сыйланды


Кыргызпатенттин жетекчиси Досалы Эсеналиев жаш ойлоп табуучулар менен
Кыргызпатенттин жетекчиси Досалы Эсеналиев жаш ойлоп табуучулар менен

Кыргызстандык мыкты ойлоп табуучуларга сыйлыктар тапшырылды. Бүгүн вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова 26-апрель - Интеллектуалдык менчиктин эл аралык жана улуттук күнүнө карата уюштурулган салтанаттуу жыйынга катышып, мыкты авторлорго Дүйнөлүк интеллектуалдык менчик уюмунун «Чыгармачылык жетишкендиктер үчүн», «Мыкты ойлоп табуучу» сыйлыктарын жана Евразиялык патенттик уюмдун «Патенттик ишке кошкон салымы үчүн» алтын медалын тапшырды.

Ошондой эле «Интеллектуалдык менчикти өнүктүрүү үчүн» жана «Мыкты инновациялык долбоор 2016» республикалык сынактарынын жеңүүчүлөрүнө сыйлыктар берилди.

Вице-премьер Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын (Кыргызпатент) уюмунун тажрыйбасы менен потенциалын адамдардын жашоо шартын жакшыртуу үчүн заманбап экономикалык шарттарга интеграциялоо зарылдыгын белгиледи.

Кыргызпатенттин төрагасы Досалы Эсеналиев бул мекеменин алдына өкмөт бир катар милдеттерди койгонун жана алар боюнча тиешелүү иш жүрүп жатканын айтты. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG