Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:06

Сузакта жер көчкүдөн корккон ата-эне балдарын мектепке жөнөтпөй жатат


Иллюстрация
Иллюстрация

Сузактын Каду айылындагы №67 Таштан Кайыпов атындагы мектеби жайгашкан жакын жерге жер көчкү түшүп, суу кетүүчү аралык тосулуп калгандыктан көлмө пайда болуп, мектептин имаратына жана окуучуларга коркунуч жаратууда. Мындан улам ата-энелер башталгыч класста окуган балдарын мектепке жөнөтпөй жатышат. Бул тууралуу айылдын тургундары "Азаттык" радиосуна билдирди.

Мектеп директору Сүйүмкан Карымшакова билдиргендей, 21-апрелде окуу жайдан алыс аймакта жер көчкү жүрүп, андан агылган топурак мектеп жанындагы сайга түшүп, сууну бөгөп калган. Учурда чоң сайда бөгөлмө көл пайда болуп, мектептин аянтчасына жакындап калды.

- Азыр биз үйлөрдү кыдырып, окуучуларды чакырып жатыбыз. Мектеп кооптуу деп жабылмайынча сабактар улантылышы керек экен, - деди Карымшакова.

Мектеп администрациясы бул багытта райондук билим берүү бөлүмүнө жана жергиликтүү бийликке билдирүү жөнөткөнү менен чара көрүлө элек.

11 жылдык орто мектептин имараты бир кабат, анда 300дөн ашык окуучу эки нөөмөт менен билим алат.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 27-апрелден 1-майга чейин өлкө аймагында жаан-чачын көп болорун эскертүүдө. (RsK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG