Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:00

“Азаттыктын” тасмасы Нью-Йорк фестивалында күмүш медаль утту


Кеңешбек Шоруков.
Кеңешбек Шоруков.

"Азаттык" радиосунун "Азыркынын Дүйшөнү" тасмасы Нью-Йорк фестивалынын мыкты телеберүүлөр сынагынын күмүш медалын жеңди. Жолдун катаалдыгына карабай 10 чакырым алыстагы мектепке барып балдарга билим берген Түп районунун Долон айылынын тургуну, математика мугалими Кеңешбек Шоруков тууралуу тасманы "Азаттыктын" журналисттери Уланбек Эгизбаев менен Улан Асаналиев тарткан.

2016-жылдын октябрь айында фильмдин каарманы Кеңешбек Шоруков “Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген мугалими” наамын алган. Мындан тышкары КМШнын билим берүүсүнүн отличниги болгон

Нью-Йорк мыкты телеберүүлөр менен фильмдер фестивалына 2017-жылы 50дөн ашуун өлкө катышкан.

Азыркынын Дүйшөнү
please wait
Embed

No media source currently available

0:00 0:08:43 0:00

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG