Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:34

Франция Хан-Шейхун чабуулу боюнча иликтөөсүн жарыялады


4-апрелдеги чабуулдан дем алуу органдары жабыркагандар
4-апрелдеги чабуулдан дем алуу органдары жабыркагандар

Сириядагы химиялык деп шектелген чабуул боюнча 26-апрелде Франциянын аскердик жана тышкы чалгын кызматтарынын иликтөөсү жарыяланды. Баяндама менен тааныштырган француз тышкы иштер министри Жан Марк Айро "чабуулда ууктуруучу зарин газы колдонулганына шек жок" деди.

Жыйынтык чабуул болгондон кийинки жердеги заттардан, курмандыктардын кандарынан алынган анализге таянып чыгарылган. Анда зариндин айырмалоочу белгиси - гексамин табылган.

"Алынган зариндин үлгүлөрү сириялык лабораториялардагы даярдоо ыкмаларына шайкеш келерин ишенимдүү булактарыбыздан билдик. Бул чабуулга сириялык режим жоопкер дегенге жол берүүдө. Биз билебиз, анткени мурдагы чабуулдардан кийин алынган үлгүлөрдү сактап калганбыз", деди Айро.

Баяндамада чабуул болгон аймактагы жоочулар мындай затты даярдоого, колдонууга мүмкүнчүлүгү жок экени камтылат. Ошондой эле химиялык куралды колдонууга буйрукту Сирия президенти Башар Асад же ага жакын адамдар бериши ыктымал деп айтылат.

4-апрелдеги Хан-Шейхундагы 90дой адамдын өмүрүн алган чабуулга Батыш Сирия өкмөтүн шектеп келген. Ал эми Асад жана аны колдогон Орусия газ оппозиция кампасын бомбалагандан кийин чыгышы, же бул Батыштын чагымы болушу мүмкүндүгүн билдирген.

"Чоң жети" өлкөлөрү менен Орусия калабаны БУУ иликтеши керек деген жыйынтыкка келишкен.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG