Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:55

Дүйнө Чернобыль каргашасын эскерди


Чернобыль АЭСинин аймагынан чыгып бараткан машинаны жууп жаткан жумушчу. 1986-жыл, май
Чернобыль АЭСинин аймагынан чыгып бараткан машинаны жууп жаткан жумушчу. 1986-жыл, май

Бүгүн дүйнөдө 31 жыл мурда болгон Чернобыль атом электр станциясындагы авариянын курмандыктары эскерилди. 1986-жылдын 26-апрелиндеги жарылуу кесепеттеринен ондогон өмүрлөр кыйылган.

Адистердин баасы боюнча, ал атом энергетикасынын тарыхындагы эң ири кырсык болгон.

Беларус менен Украина президенттери Александр Лукашенко жана Петр Порошенко Чернобылдагы АЭСтин башкы имаратынын алдындагы "Эскерүү тактасына" гүл коюшту. Москвадагы эскерүү Митин көрүстөнүндө өттү. Бул жерге кырсык кесепетин жоюу учурунда өлгөн беларустук, украиналык жана орусиялык 28 өрт өчүргүчтүн сөөгү коюлган.

Чернобыль АЭСинин жарылуусунан 50 млн кюриге жакын же Хиросимага ташталган атом бомбасыныкынан 400 эсе көп радиоактивдүү материал абага тараган. Жети миллион адам жашаган 155 миң чарчы чакырым аралык радиацияга булганган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG