Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:52

Өзгөндө көчкү электр мамыларын жана суу түтүктөрүн жарактан чыгарды


Жер көчкү түшкөн жер.
Жер көчкү түшкөн жер.

Ош облусунун Өзгөн районундагы Жалпак-Таш айыл аймагында эки күндөн бери жылып жатканы байкалган жер көчкү бүгүн түштү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

Көчкү Шор-Суу өзөнүнүн сол жээгиндеги жогорку чыңалуудагы электр линиясын алып өтүүчү төрт мамыны жана Курбу-Таш айылын таза суу менен камсыздаган 250 метр суу түтүкчөлөрүн жараксыз абалга келтирген.

Абал менен жеринен таанышуу үчүн өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Равшан Рысбаев барып элди коопсуз жайга тез арада көчүрүүнү тапшырды. Учурда Курбу-Таш айылындагы 23 үйгө кооптуу абал жаралып, анын ичинен 15 турак жайдын жашоочулары үчүн ӨКМ 15 чатыр тигип берди.

Көчкүнүн көлөмү 3 млн куб метр болуп, саатына 20 метрден жылганы байкалууда. Мамылар жараксыз абалга кептелгендиктен, аймакта үч миңден ашык үй-бүлө жарыксыз отурат.

Буга чейин жер көчкү Ош жана Жалал-Абад облустарында бир канча үйдү басып калып, адам курмандыктары да катталган.

Расмий маалыматтарга караганда, сел коркунучу Жалал-Абаддын Ноокен, Сузак, Аксы жана Базар-Коргон райондорунда, Ош облусунун Араван, Өзгөн, Кара-Кулжа райондорунда сакталууда. Андан тышкары, Майлуу-Суу шаарында жана башка тоолуу аймактарда жер көчкү жүрүп жатат. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG