Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:34

"Гринпис-Орусия" Петербургдун борборуна АЭС курууга каршы


Уюмдун активисттери Санкт-Петербургда курулуп жаткан "Академик Ломоносов" атом энергетикалык станциясынын жанына барып, "Суудагы Чернобылга жок" деген жазуусу бар баннерди жайышты. Алар мындай жол менен облустун губернатору Георгий Полтавченкону Нева дарыясынын жээгине сууда сүзүп жүрүүчү АЭС курууну токтотууга чакырышты.
"Гринпистин" маалыматы боюнча, АЭС Чукоткадагы Певек шаарынын керектөөсү үчүн курулуп жатат. Бирок анын реакторлору Балтика заводунда сыноодон өткөрүлөт. Аталган завод Петербург шаарынын борборунан алыс эмес, Васильевск аралында жайгашкан. Экологдор АЭСти ишке киргизүү беш миллион калкы бар шаар үчүн кооптуу деп эсептешет.

"Гринпис-Орусия" буга байланыштуу онлайн-петиция түзгөн. Ага бир нече миң киши кол койгон. Акция Чернобыль кырсыгынын 31 жылдыгына туш келди.

Чернобыл АЭСиндеги жарылуу дүйнөдөгү эң чоң апааттардын бири деп эсептелет. Анда радиацияга ууланып миңдеген кишилер өлгөн, радиация көптөгөн ооруларды алып келип, экологияга чоң зыяны тийген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG