Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:16

Оппозиция бүгүн Кыргызстандагы экономикалык абалды талкуулайт


Оппозициячылар буга чейин да бир канча жолу жыйынга чогулушкан.
Оппозициячылар буга чейин да бир канча жолу жыйынга чогулушкан.

Оппозициянын бүгүн Бишкекте өтө турган жыйыны "Экономика: сандар жана чындык" деп аталат. Анда оппозиционер саясатчылар баяндама жасары күтүлүүдө. Бул тууралуу коомдук ишмер Равшан Жээнбеков "Азаттык" радиосуна билдирди:​

- Кыргызстанда экономикалык абал оор. Саясатчылар, коомдук ишмерлер чогулуп, экономика маселесин талкуулайлы деп жатабыз. Үч тема боюнча баяндама жасалат. Акматбек Келдибеков социалдык-экономикалык абал жөнүндө баяндама жасайт. Элмира Ибраимова "Эмне үчүн Кыргызстан кедей жашайт?" деген темада доклад окуйт. Үчүнчү баяндаманы мен "Саясий реформалардын экономиканын өнүгүүсүнө таасири" деген темада жасайм.

Равшан Жээнбековдун маалыматы боюнча, бул иш-чара оппозициянын тегерек үстөл талкууларынын бир бөлүгү. Кийинчерээк президенттик шайлоого байланыштуу да форум болмокчу.

Тегерек үстөлдүн демилгечилери - саясатчылар Феликс Кулов, Адахан Мадумаров, Равшан Жээнбеков, Элмира Ибраимова жана Камчыбек Ташиев.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG