Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:09

Чолпон-Атада Ишенбай Абдуразаковдун музейи ачылды


Чолпон-Ата шаарындагы коомдук жана мамлекеттик ишмер Ишенбай Абдуразаков атындагы мектеп-лицейде музей ачылды. Бул тууралуу "Азаттык" радиосуна аталган окуу жайдын директору Анара Абыканова билдирди.

Анын айтымында, музейде Абдуразаковдун жеке буюмдары, сүрөттөрү, мамлекеттик сыйлыктары жана анын иш кагаздары коюлган. Экспонаттардын баарын мектепке Абдуразаковдун үй-бүлөсү тапшырды.

Белгилүү дипломат, ойчул, Кыргызстандын мурдагы мамлекеттик катчысы Ишенбай Абдуразаков 1937-жылы Чолпон-Ата шаарында туулган. 2014-жылы 24-апрелде 77 жаш курагында көз жумган.

Анын ысымы мектеп-лицейге 2016-жылдын сентябрь айында ыйгарылган.(AsM)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG