Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:06

Байкоочулар: Дамаскта катуу жардыруу болду


Сириянын баш калаасы Дамасктагы бузулган имараттар.
Сириянын баш калаасы Дамасктагы бузулган имараттар.

Сириянын баш калаасы Дамаскта катуу жардыруу болуп, көп өтпөй шаардагы аэропорттун аймагында өрт чыкканын Сирия оппозициясынын өкүлдөрү жана байкоочулар билдиришти.

Жардыруунун үнү калаанын бардык аймагында угулганын Сириядагы Адам укуктарын көзөмөлдөгөн обсерваториянын башчысы Рами Абдулрахман айтты. Андагы маалымат боюнча, жардыруу Дамасктын аэропортун көздөй бараткан жолдо болгон.

Ливандын "Ал-Манар" телеканалы кабарлагандай, бул жардыруу Израил тараптан жасалган аба соккунун жыйынтыгы болушу мүмкүн. Аталган телеканал Сирия өкмөтүнүн союздашы "Хезболла" тобу менен байланышта экени айтылып келет.

Израилдин аскерий мекемесинин маалымат катчысы бул боюнча суроого "Биз мындай кабарлар боюнча комментарий бербейбиз" деди.

"Ал-Манар" телеканалы алдын ала маалыматтарга таянып, жардырууда жабыркагандар жоктунун айтты.

Ал эми Сириядагы козголоңчу топтордун арасындагы эки булактан маалым болгондой, аба соккулар Ирандын колдоосуна ээ козголоңчулар колдонуп келген курал-жарак кампасына урулган.

Сириядагы алты жылга аяк баскан согушта 400 миңдей адамдын өмүрү кыйылды. Өлкө башчысы Башар Асадды Орусия, Иран жана Тегерандын жакын союздашы деп эсептелген аймактагы "Хезболла" шиит тобу колдоп келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG