Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:23

Кыргыз-казак чегине логистикалык борбор куруу сунушталды


Талас облусунун аймагында, кыргыз-казак чек арасында логистикалык борбор курулса жергиликтүү товар өндүрүүчүлөрдүн продукциясын тышкы базарга алып чыгууга жакшы шарт түзүлмөк. Мындай сунушун бүгүн Талас шаарында ишкерлер өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгү менен жолугушууда айтышты.

Бизнести өнүктүрүү боюнча кеңештин жыйынына өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери менен "Талас ЖИА" бизнес ассоциациясынын 20га чукул мүчөсү катышты.

Төө буурчак өстүрүү менен алектенген ишкер Миргазы Оморов:

- Биз, таластыктар төө буурчакты экспортко чыгарууда Казакстанга көз каранды болуп калабыз. Анткени кыргыз-казак чек арасына жакын жайгашкан «Маймак» станциясындагы туюк жер казак тарапка ижарага берилип калган. Ошону өзүбүзгө кайрып алып, анын тегерегине логистикалык борбор курсак болот. Таласта өндүрүлгөн товарды ошол темир жол аркылуу сыртка чыгарып, кирип жаткандарын деле ал аркылуу ташыйт элек, - деди.

Бул боюнча өкмөттүн облустагы өкүлү Даир Кенекеев Талас облусун өнүктүрүү концепциясы түзүлүп жатканын айтып, анын алкагында темир жол маселеси да өкмөткө сунуштала турганын билдирди.

Таласта онго жетпеген ири тегирмен бар. Бирок бүгүнкү күндө анын экөө гана иштейт жана өндүрүш аз.

Төө буурчактын баасы азыр килограммы 90 сомдон болууда, былтыр ушул маалда 60-65 сом болгон. (AlS)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG