Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:41

Казакстандын Акмоло облусунда өзгөчө кырдаал режими жарыяланды


Казакстанда жыл сайын ушул убакта дарыялар нугунан чыгып, өлкөнүн бир топ аймактары суу ташкынга кабылат.
Казакстанда жыл сайын ушул убакта дарыялар нугунан чыгып, өлкөнүн бир топ аймактары суу ташкынга кабылат.

Казакстандын Акмоло облусундагы сел каптоодон улам аймакка табигый мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдар режими киргизилди. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат агенттиктери кабарлашты.

Өзгөчө кырдаалдар комитетинин маалыматына ылайык, ушул тапта Целиноград, Жаксын, Есил жана Жаркаин райондорунда Ишим жана Нура дарыялары нуктарынан чыгып, ондогон үйлөрдү суу каптап кеткен. Беш айыл сел каптоо коркунучунда турганы маалым болду.

Интернетте жүктөлгөн видеолордон суу каптаган аймактарда жергиликтүүлөр көчөлөрдө кайык менен жүргөнүн көрүүгө болот. Ошондой эле үйлөрдүн дубалы урап, айрымдары таптакыр эле жерге чөгүп кеткен. Ал аймактардагы мектептер, социалдык мекемелер жабылды. Ар кандай маалыматтарга караганда, 8000 миңге жакын турган үй-жайын таштап кетүүгө мажбур болду. Казакстанда жыл сайын ушул убакта дарыялар нугунан чыгып, өлкөнүн бир топ аймактары суу ташкынга кабылат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG