Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:14

Милиция: Табыптын үйүндө каза болгон жаран ур-токмокко кабылган


Иллюстрация
Иллюстрация

Табыптын үйүндө каза болду деген жаран катуу сабалганы аныкталды. Окуяга байланыштуу табыптын небереси камакка алынды. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" Бишкек милициясынын маалымат катчысы Адыл Оморов билдирди:

- Ал бейтап табыптын үйүнөн качып кетип калайын деп жатканда экөөнүн ортосунда чыр чыккан. Окуя болуп жатканда аны небереси уруп жиберген. Андан кийин бейтапты жаткырып коюшкан.

Саламаттыкты сактоо министрлиги буга чейин милицияга таянып тараткан маалыматта быйыл 1-мартта 42 жаштагы жаранды туугандары ичкиликтен дарылоо үчүн Учкун конушунда жашаган Сийнегүл Чилмергенова аттуу табыпка алып барышканы айтылган. Эки суткадан кийин ал бейтап каза болуп калган.

Бишкектин Свердлов райондук ички иштер башкармалыгы адамдын өлүмү боюнча кылмыш иш козгогон. Соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Оморовдун бүгүн кабарлашынча, экспертизанын жыйынтыгында бейтап кабыргасы сынып, өпкөсүнө залака тийип, кан уюп калгандан өлгөнү белгилүү болду.

Саламаттыкты сактоо министрлиги Чилмергеновага медициналык иш менен алектенүүгө лицензия бербегенин айтууда.

Чилмергенованын кылмышка шектүү катары кармалган небереси 24 жашта. Азырынча ал милициянын убактылуу кармоочу жайында, баш коргоо чарасы аныктала элек. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG