Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:06

28-апрелдин аба ырайы


28-апрелде маал-маалы менен жаан жаап, күн күркүрөйт, Талас өрөөнүндө, Нарын, Ысык-Көл облустарынын дыйканчылык аймактарында, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жаан карга өтөт, тоолуу райондордо кар жаайт, кээ бир райондордо жаан-чачын катуу болот. Зымдарга жана бактарга суу кар жармашат. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн 4...9, күндүз 7...12;

Таласта түнкүсүн 3...8, күндүз 7...12;

Баткен, Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн 7...12, күндүз 10...15;

Ысык-Көлдө түнкүсүн 2...7, күндүз 12...17;

Нарында түнкүсүн 1...6, күндүз 12...17;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -6...-11, күндүз 1...6.

Бишкек шаарында маал-маалы менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 7…9°, күндүзгү жогорку температурасы 9…11°.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG