Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:31

“Өнүгүү-Прогресс” өкмөттүн отчетун жактырган жок


Бакыт Төрөбаев
Бакыт Төрөбаев

Парламенттеги “Өнүгүү-Прогресс” фракциясы өкмөттүн отчетун “канаттандырарлык эмес” деп тапты. Фракция лидери Бакыт Төрөбаев жумушсуздук эки эсе өскөнүн, эл кирешенин төмөндүгү менен баанын кымбаттыгы, жолдун начардыгы менен коррупциялык көрүнүштөргө нааразы экенин белгиледи:

-Тилекке каршы сиздердин отчетто канча жумуш орун түзүлгөн, канча жаңы ишкана ачылган, канча түз инвестиция тартылды деген маалыматты көргөн жокмун. Сиздердин өкмөткө элдин ишеними 50% ашпайт. Кыргызстандагы ишкерлердин 60% алардын ишиндеги негизги тоскоолдук коррупция экенин айтышат. Сооронбай Шарипович, жакшы сөздөр айтылды, бирок капа болбоңуз, функционалдык жана саясий көз караштан алганда сиздикиндей алсыз өкмөт көрө элекмин. Азыркы саясий системада премьер-министр мамлекетте экинчи адам. Бир топ маселеде, референдум, Кумтөр боюнча бир дагы позицияңызды көрсөткөн жоксуз. Авиакырсык боюнча азыркыга чейин эч кандай маалымат берген жоксуңар. Сиз алып барган саясат натыйжалуу эмес. “Өнүгүү-Прогресс” өкмөттүн отчетун канааттандырарлык эмес деп эсептейт.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков бүгүн парламентте отчет берип жатып 2016-жылы өкмөттүн программасы 90% аткарылганын, экономикалык өсүш 3,8% түзүп, ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден келген инвестиция 40% түзгөнүн, экспорттун көлөмү 5,1% көбөйгөнүн, ошол эле учурда былтыр Кыргызстанга келчү чет өлкөлүк түз инвестициялар 2015-жылга караганда 58,4% төмөндөгөнүн айтты.

Ошону менен катар Жээнбеков калктын өкмөткө ишеними 2015-жылга салыштырганда 5,8 баллга жогорулаганын белгиледи. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG