Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:45

Сербияда Чеченстандагы кумсалардын куугунтукталышына каршы акция өттү


Сербиялык активисттер.
Сербиялык активисттер.

Сербиянын баш калаасы Белградда активисттер орус элчилигинин алдында нааразылык акциясын өткөрүштү. Шаршембиде 20дай демонстрант Чеченстандагы кумсалардын куугунтукталышына нааразылык билдиришти. Алар серб, орус, англис тилдеринде "Путин менен Кадыровду түрмөгө камоо керек", "Гомофобия менен трансфобияга жол жок" деген жазуулары бар кагаздарды көтөрүп турушту.

Буга чейин бир катар маалымат каражаттары Орусиянын Чеченстан жумуриятында жүздөгөн кумсалар кармалып, кыйноого алынганын жазган. Кабарларга караганда үчөө ур-токмоктон көз жумган. Калгандары аймактан чыгып кетүүнүн жолун издешүүдө.

Бир катар укук коргоо уюмдары, анын ичинде "Эл аралык мунапыс" уюму маалыматтарды ырасташты. Ал эми Чеченстандын бийликтери жана лидери Рамзан Кадыров бул айыптоолорду четке кагып, аймакта кумсалар жоктугун белгилешүүдө. Белграддагы акциянын жүрүшүнө полиция көз салып турду. Демонстрация тынч өттү.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG