Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:44

Жогорку Кеңеш өкмөттүн 2016-жылкы отчетун колдоду


Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңеште баяндама жасап жатат. 27-апрель, 2017-жыл
Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңеште баяндама жасап жатат. 27-апрель, 2017-жыл

Жогорку Кеңештеги депутаттардын 98и өкмөттүн отчетун колдосо, тогузу каршы добуш беришти. Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков башында турган министрлер кабинети бейшембиде парламентте отчет берди.

Анда 2016-жылы өкмөттүн программасы 90% аткарылганы, экономикалык өсүш 3,8% түзүп, ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден 40% инвестиция тартылганы, экспорттун көлөмү 5,1% көбөйгөнү, ошол эле учурда былтыр чет өлкөлүк түз инвестиция 2015-жылга караганда 58% төмөндөгөнү белгиленген.

Негизги сын жолдун абалы, жол кырсыктары, билим берүү, “Коопсуз шаар” долбоорунун ишке ашпай жатышы, жеңилдетилген насыя боюнча айтылды.

Парламенттеги “Ата Мекен” жана “Өнүгүү-Прогресс” фракциялары өкмөттүн отчетун “канааттандырарлык эмес” деп табышты. “Өнүгүү-Прогресстин” лидери Бакыт Төрөбаев азыркы иштеп жаткан өкмөттүн саясатын натыйжалуу эмес деп сындады.

Премьер Жээнбеков өкмөттүн отчетун колдоп, дагы бир мүмкүнчүлүк бергени үчүн депутаттарга ыраазычылыгын билдирди. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG