Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:34

Эреже бузган айдоочулардын машинасы мажбурлап эвакуацияланат


Кыргызстанда жол эрежесин бузган айдоочулардын унаасы мажбурлап эвакуацияланат. Бул эреже 29-апрелден тарта иштей баштай турганын бүгүн Ички иштер министрлигинен кабарлашты. Ошондой эле дөңгөлөк блоктоочу каражаттар орнотула баштайт, аны өз алдынча чечип койгондор жазаланат.

Токтотуп коюуга уруксат жок жерде коюлган транспорт каражаттарын эвакуациялоого да, аны атайын токтотуучу жайда кармоого да тиешелүү тариф боюнча акы төлөш керек болот.

Кыргызстанда соңку жылдары автомобилдердин саны кескин көбөйдү. Унаа токтотуучу жайлар жетишсиз. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG