Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:43

Босфордо Орусиянын чалгын кемеси жүк ташуучу кеме менен кагышты


Кара деңиздеги Орусиянын "Лиман" аскерий кемеси.
Кара деңиздеги Орусиянын "Лиман" аскерий кемеси.

Түркиянын маалымат каражаттары Кара деңизде Стамбулдун жээктеринен алыс эмес жерде Орусиянын чалгын кемеси жүк ташуучу кеме менен кагылышканын жазышты.

Түрк маалымат каражаттары Жээк күзөт кызматына шилтеме жасап орустардын кемеси кагылышуудан кийин чөгүп кеткенин, андагы 78 адам толук куткарылганын маалымдашты.

Түркиянын НТВ телекомпаниясы кагылышуу Босфор кысыгынан 40 чакырымдай түндүк-батышта болгонун кабарлады.

Рейтер агенттигинин маалыматына ылайык орусиялык "Лиман" аскер кемеси менен кагышкан жүк ташуучу кеме Того мамлекетинин желегинин алдында сүзүп жүргөн. Ырасталбаган кабарларга караганда ал жаныбарларды ташып бараткан.

GAC деп аталган транспорттук компаниянын өкүлү кырсык коюу тумандан улам болушу мүмкүндүгүн билдирди.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG