Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:45

Лондон парламентинин алдында бычак менен куралданган киши кармалды


Полиция кылмышка шектүүнү кармап баратат.
Полиция кылмышка шектүүнү кармап баратат.

Британиянын баш калаасы Лондондогу парламент имаратынан алыс эмес жерден полиция бычак менен куралданган кишини кармады. Полиция кармалган адам теракт уюштурууну көздөгөн деп шектелип жатканын маалымдады. Болжол менен 25-30 жаш курактагы шектүү калаа түштүгүндөгү полиция бекетине жеткирилди. Кармоо премьер-министрдин резиденциясына жакын жерде болгон. Дал ошол учурда өкмөт башчы Тереза Мэй Дербиришир аймагында шайлоочулары менен жолугуп жүргөн.

Негизинен өкмөттүк имараттар жайгашкан Уайтхолл районунда 22-мартта Вестминстер көпүрөсүндө болгон окуядан кийин коопсуздук чаралары күчөтүлгөн.

22-мартта Лондондун борборундагы көпүрөдө, парламент имаратынын жанында жөө бараткан кишилерди машинасы менен сүзүп, кийин нөөмөттө турган полициячыны бычактаган шектүү адамдын колунан жарадар болгондордун саны 40тан ашты. Курмандыктардын саны бешке жеткен.

Кандуу окуя үчүн жоопкерчиликти “Ислам мамлекети” экстремисттик уюму алган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG