Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:40

Франция дүйнөлүк чемпионаттар тууралуу чечимди иликтөөдө


Орусия Дүйнөлүк футбол чемпионатына камынууда
Орусия Дүйнөлүк футбол чемпионатына камынууда

Франция дүйнөлүк футбол чемпионатын 2018-жылы Орусияда, 2022-жылы Катарда өткөрүү чечимин иликтөөгө киришкени кабарланууда.

Франциянын улуттук каржы прокуратурасынын алдын ала иликтөөсү өткөн жылы эле башталганын "Ассошиэйтед Пресс" менен Рейтер агенттигине атын атагысы келбеген француз расмийлери билдирген.

Прокурорлор мыйзам бузуу, анын ичинде коррупция же кутум ыктымалдыгын иликтешери кабарланат. Бул үчүн дүйнөлүк футбол федерациясынын (ФИФА) мурдагы жетекчиси Зепп Блаттер суракка алынган.

Мурдагы жылы алдыдагы эки чемпионаттын ээсин тандоо чечимине байланыштуу Швейцарияда кылмыш иши козголгон. Арам акчаны адалдоо жана чарбалык шалаакылыкка шектелгендерди тергей баштаган.

Чемпионаттарды өткөрүүчү мамлекеттерди ФИФАнын аткаруучу комитети 2010-жылы аныктаган.

Орусия менен Катар кандайдыр эреже бузуу болбогонун, ФИФАнын ички иликтөөсү учурунда аларды чемпионат өткөрүү укугунан ажыратууга негиз табылбаганын айтып келишет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG