Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:46

ИИМ: 2016-жылы кыз ала качуу боюнча 25 кылмыш иш козголгон


Иллюстрация
Иллюстрация

Өткөн жылы кыз ала качуу боюнча 25 кылмыш иши козголгону 28-апрелде Бишкекте өткөн “Кыргызстандагы аялдардын өз эрки менен никеге туруу укугунун ишке ашырылышы” деген аталыштагы регионалдык форумда айтылды. Маалыматка ылайык, өткөн жылы республика боюнча Кылмыш кодексинин 155-берененин негизинде (“эркине каршы никеге турууга мажбурлоо, никеге туруу үчүн ала качуу же никеге турууга жолтоо болуу”) 25 кылмыш иш козголгон. Козголгон иштин үчөө токтотулуп, экөө кыскарган. Калган иш тергелип, сотко өткөн. ИИМдин маалыматында кыз ала качуу боюнча кайрылгандардын саны соңку беш жылда көп өзгөргөн эмес.

Кыргызстандагы “Аялдарды колдоо борбору” 155-берененин аткарылышы боюнча өлкө аймагында мониторинг жасады. Анда мурда 25 жашка чейинки жигиттер ала качып үйлөнсө, учурда 30 жаштагы эркектер дагы ушундай жол менен үй-бүлө курууга аракет кылышары, буга социалдык-экономикалык абал көп себеп болору айтылат. Ошондой эле ала качуунун курмандыктары кимге, кантип кайрылууну билишпей турганы белгиленген.

Кыргызстанда кыз ала качкандарды кылмыш жоопкерчилигине тартуу жөнүндө мыйзамга 2012-жылы кол коюлган. Ага ылайык беш жылдан он жылга чейин эркинен ажыратылат. Укук коргоочулар ала качууга дуушар болуп, бирок милицияга кайрылбаган кыздардын саны расмий сандардан көп экенин белгилешет. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG