Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:53

Түштүк Кореяда дагы эки кыргызстандык соттолду


Түштүк Кореяда этникалык корейлерге тиешелүү визаны мыйзамсыз алган деген негиз менен эки кыргызстандык жаран эки жылга шартуу соттолду. Бул тууралуу “Азаттыкка” Кыргызстандын Сеулдагы консулу Нурзат Саякбек кызы кабарлады. Иммиграциялык изоляторго жөнөтүлгөн кыргызстандыктар жакында өз мекенине депортация болот жана аларга Кореяга кайра кирүүгө тыюу салынат. 19-апрелде үч кишинин иши боюнча Чханвон шаардык соту ушундай эле чечим чыгарган.

Кореяда соттолгон кыргызстандыктар этникалык корейлерге бериле турган "H-2" визасын алдоо жолу менен алганы аныкталган. Алар Кореяга 2015-жылы барган.

Ушул тапта Түштүк Кореяда этникалык корейлерге берилчү визаларды текшерүү боюнча рейд жүрүүдө. Быйыл февралда Түштүк Кореяга кетүү максатында жыйырмадай адам аты-жөнүн корейче өзгөрткөнү ачыкка чыккан эле. (KE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG