Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:39

Түштүк Кореяга иштегени кеткен кыргызстандык изделүүдө


Кыргызстандын Түштүк Кореядагы элчилигинен “Азаттыкка” кабарлашкандай, бул өлкөгө иштегени барган 46 жаштагы Улан Ашиевдин дайыны чыкпай жатат. Ал учурда изделүүдө.

Ашиев Кореяга 2004-жылы барган. Жакындарынын айтымында, ал карапа чатыр кесип иштечү. Акыркы жолу 2015-жылы 30-августта Кыргызстанда калган апасы менен телефон аркылуу сүйлөшкөн.

Түштүк Кореянын Улуттук полиция агенттиги, Иммиграция кызматы Ашиевдин өлкөдөн чыгып кетпегенин жана мыйзам бузуп камалгандар тизмесинде жок экенин айтышкан. Өлүкканалар текшерилип, алардан Кыргызстандын жараны табылган эмес.

Учурда жергиликтүү полиция Кыргызстандын жаранын издөөнү улантууда. Элчилик Ашиев иштеген аймактагы черепица чыгарган жана кескен бардык заводдорду текшерип чыгууну полициядан өтүндү. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG