Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:05

Рим Папасы тынчтык сапары менен Египетке келди


Папа Франциск
Папа Франциск

28-апрелде Рим Папасы Франциск Египетке келди. Ал бул сапарын "биримдик менен биртуугандыктын сапары" деп атады.

Жума башында египеттиктерге кайрылуусунда Папа Франциск анын сапары тынчтыкты орнотууга салым кошуп, ислам дүйнөсү менен ынтымак диалогуна өбөлгө болоруна ишеним билдирген.

9-апрелде Египеттеги копт христиандарынын эки чиркөөсүндө жардыруу болуп, 45 адамдын өмүрү кыйылган. Жүздөн ашууну жаракат алышкан. Кол салуулар үчүн жоопкерчиликти өзүнө “Ислам мамлекети” террордук тобу алган.

Понтификтин сапары мына ушул окуялардан улам өлкөдө өзгөчө кырдаал жарыяланган учурга туш келди. Кырдаалга карабастан Папа Франциск Каирде жөнөкөй автоунаа менен жүрмөй болууда. Ал брондолгон унаадан баш тартуусун карапайым элге жакын болуу ниети деп түшүндүрөт.

Франциск өлкө президенти Абдель Фаттах ал-Сиси, шейх Ахмед ал-Таиб, жогорку имам ал-Азхар жана копт православ чиркөөсүнүн башчысы Папа Тавадрос II менен жолугат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG