Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:41

Черногория парламенти НАТОго кирүүнү колдоду


НАТОго кошулууга каршы акция
НАТОго кошулууга каршы акция

28-апрелде Черногория парламенти өлкөнүн НАТОго мүчө болуусун шарттаган пактты ратификациялады.

Парламенттеги 81 депутаттын 46сы Цетинье тарыхый шаарына добуш берүү үчүн келишкен. Алар пактты бир добуштан колдошту. Ал эми орусиячыл оппозиция бойкот кылып, жыйынга келбеди.

Бул учурда парламенттин алдында оппозициянын бир нече жүз тарапташтары чогулушту. Алар "НАТОнун башкесерлери, силердин колуңар кандуу" деген жазуусу бар плакат кармап алышкан.

28-мартта АКШ Сенаты Черногорияны НАТОго кошууну колдогон. Эми Испания менен Голландия макулдук берсе, Черногория июнь айында альянстын 29-мүчөсү болуп калары күтүлөт.

Черногория калкы 600 миңден ашыгыраак Балкандагы чакан мамлекет. Өткөн жылы аларда төңкөрүш аракети болгон. Айрым бийлик өкүлдөрү өлкөнүн НАТОго кошулуусунун алдын алуу үчүн буга Орусия көмөктөштү деп айыпташкан.

Москва аны четке какканы менен, Черногориянын альянска киришине каршылыгын жашырбайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG