Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:58

Македониядагы окуяны дүйнөлүк коомчулук сынга алды


Коалициянын сабалган жетекчиси Зоран Заев
Коалициянын сабалган жетекчиси Зоран Заев

Евробиримдик, АКШ, НАТО жана Балкан өлкөлөрү македон парламентине чабуулду айыпташты.

"Биз дайыма зомбулукту жектейбиз. Бул жолу зомбулук демократия үйү - парламентте болду. Скопьдегилер Конституция принциптерин, демократияны сактап, өлкөнү бул олуттуу кризистен чыгарууга аракет кылышы зарыл" деди Еврошаркеттин тышкы саясат боюнча башкы комиссары Федерика Могерини.

Ал эми Орусия Македониядагы саясий кризиске АКШ менен Евробиримдиктин "ачык кийлигишүүсү" негизги себеп дейт.

"Мындай чагылгандай тез, координацияланган реакция болуп өткөндөр күн мурунтан македон оппозициясынын тышкы кураторлорунун тымызын макулдугу менен пландалган дегенге негиз", деди Орусия Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Алексей Зайцев.

27-апрелде Македонияда Улуттук биримдик (ВМРО) партиясынын 200дөй тарапкери парламентке кирип барышып, депутаттарды ур-тепкиге алышкан. Андан жакында эле коалициялык көпчүлүктү курашкан социал-демократтардын лидери Зоран Заев, "Албан альянсынын" лидери Зиядин Села жана дагы үч депутат жабыркашкан. Мындан тышкары кагылышууда 83 адам, анын ичинде 25 полициячы жаракат алышкан.

Буга чейин эле Македонияда жаңы коалициянын албан тилине расмий макам берүү планына каршы акциялар өтүп келген. Коалициянын спикерликке албан депутаты Талат Заферини шайлашы аны күчөттү. Жаңы коалициянын өкмөттү курашын блоктоп келген президент Георге Иванов бардык саясый күчтөрдү диалогго чакырган. Токмок жеген саясатчы Зоран Заев аны менен жолугуудан баш тартты.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG