Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:18

Өзгөн: кырсык болгон айылда куткаруучулар ишин баштады


Өзгөн районунун Аюу айылында жер көчкү жүргөн жерге өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов жөнөп кетти.

Бул тууралуу аталган министрликтен кабарлашты. Маалыматка ылайык, учурда табигый кырсык катталган жерде куткаруучулар иштеп жатышат.

Алдын ала маалымат боюнча жер көчкү айылдагы 11 турак-үйдү басып калган. Анын ичинен төрт үйдө эч ким жашабайт, ал эми калган жети үйдөгү болжол менен 24 адам көчкү астында калган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги көчкү баскан аймак жашоочуларына коопсуз жайга көчүү боюнча быйыл март айында эскертүүлөр берилгенин билдирүүдө.

Учурда маалыматтар такталып жатат. Кошумча маалыматтар берилет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG